Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-марты № 4/1
Өзгөн райондук прокуратурасынын мыйзам бузуучулуктарды четтетүү жөнүндө талабы боюнча
Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнө 2017-жылдын 13-мартындагы №11-444-17-сандуу мыйзам бузуучулукту четтетүү жөнүндө талабы жөнөнтүлгөн, бул боюнча Өзгөн шаарынын сельская көчөсүндөгү 3200 кв.м аянтындагы жер участогунда жайгашкан мурда иштеген бала бакчасы М. Насированын менчигине өткөрүлгөндөгүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтомунун негизинде Өзгөн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан 2017-жылдын 16-февралында балдар бакчасынын имаратына жогоруда аталган М Насированын менчик укугу токтотулгандыгы жана Өзгөн райондук прократурасынын талабы боюнча бала бакчаынын имараты айыл Өкмөтүнүн балансасына кабыл алууга жатат жана аны кабыл алуу боюнча айылдык Кеңештин кезексиз сессиясында кароо менен тийиштүү иш чараларды көрүүнү талкуулап Баш-дөбө айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын сельская көчөсүндөгү жайгашкан 3200 кв.м жер аянтын жана анда жайгашкан мурда иштеген балдар бакчанын имараты Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн балансасына өткөрүлсүн.
2. Базар баасы 13 245 000 сомду түзгөн Өзгөн шаарынын сельская көчөсүндө жайгашкан жер аянтын жана анда жайгашкан мурда иштеген балдар бакчанын имаратын мыйзам чегинде тийиштүү иш чаралар менен өткөрүп алуу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Эргешбаев |