Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы № 3/1
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү 2018-2019 жылдарга долборун кароо жөнүндө маселе айылдык кеңештин бюджет, финансы,салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 8090,1 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 8664,8 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2017-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер жана чыгашаларын 9628,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин
3. Айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга жактырылган көрсөткүчтөрү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
4. 2017-жылга чегирүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин.
А) Жалпы мамлекеттик салыктык тушуулордон : салык агентиги тарабынан толонуучу киреше салыгынан жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан тушкон салыктын-50 пайыз өлчөмүндө ;
Б) Ыктыярдуу патент негизиндеги салыктан, милдеттүү патентөө негизиндеги салыктан, бирдиктүү салык, негизинде тушуулордон – айылдардын жергиликтүү бюджетинин тескөөсүнө -100 пайыз өлчөмүндө;
В) Жер казынасынын пайдалангандыгы үчүн салыктан 9стратегиялык пайдалуу кендерди: мунайды, газды кошпогондо, роялти) алардын иштелген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тишелүү жергиликтүү бюджетине -50 пайыз өлчөмүндө;
Г) жер казынасынын пайдалануу үчүн салыктан (бонустар) республикалык бюджетке -100 пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
5. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан туруучу жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлеги бюджетке алынууга жатпастыгы белгиленсин.
6. Мыйзам менен каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешеси көбөйүүсү ушул 2016-жылдын 30-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзам менен бекитилген 2017-2019-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленген.
7. Кыргыз Респубикасынын бюджеттик укуктарын негизги принциптери жөнүндө мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 90,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Айыл өкмөтүнө 2017-19- жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон бернелер (эмгек акы социалдык фондко чигерүү тамак-аш дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чигреүүлөр) коммуналдык кызматтар (электр энергия көмүр суу боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын).
9. Айыл өкмөтү теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
10. Респубикалык бюджеттен теңөөчү гранттардын эсебинен комуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн айыл өкмөттөрү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
11. Айыл өкмөтү тарабынан максатуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын Респубикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге оңдолуп алынаары эске алынсын.
12. Казына системасы четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузууларда атайын каражаттын пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынары белгиленсин.
13. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовой наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2017-жылдын 1-январына карата 513,4 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
14. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет финансы салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Эргешбаев |