КОҢУР -ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин 5- чакырылышынын 8 -отуруму
2017-жылдын 26-январы № 8/1
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2016-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана 2017-жылга аткарыла турган иштери боюнча айыл өкмөтүнүн билдирүүсү жөнүндө
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2016-жыл ичинде аткарган иштери жана 2017-жылга аткарыла тургун иштери боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 6-бөлүмүнүн 46-беренесинин 3-пунктуна ылайык:
Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2016-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана 2017-жылга аткарыла турган иштери боюнча айыл өкмөтүнүн билдирүүсү эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн 2016-жыл ичинде жүргүзгөн иштеринде айрым кемчилдиктери орун алгандыгын жоюу айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Жээналиев |