Загрузка документа…
КОҢУР -ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-январы № 8/7
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Кыштак айылындагы эски бейитттин алды жагындагы көлмөнүн жээгиндеги токойчону көлмөсү менен кошо көрктөндүрүүгө берүү жөнүндө
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Кыштак айылындагы эски бейитттин алды жагындагы көлмөнүн жээгиндеги токойчону көлмөсү менен кошо көрктөндүрүүгө берүүнү угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 18-беренесинин 9-пунктуна жана 20-беренесинин 11-пунктуна ылайык:
Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарбасына жараксыз жерден 1 га жер, Жар-Кыштак айылындагы эски бейитттин алды жагында, көлмөнүн жээгиндеги токойчону Жар-Кыштак айылынын тургуну Баатыров Темирбердиге көрктөндүрүү үчүн ижарага берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | С. Жээналиев |