Загрузка документа…
КОҢУР -ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-февралы № 9/3
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кеңешинин 2017-жылдын атайын каражаты боюнча бюджетин кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасанын “ Жергиликтуу өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 13-беренесинин негизинде. 2017-жылы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнөкараштуу №18 балдар бакчасына ата-энелердин мүчөлүк акыларынан түшкөн акча каражатынын киреше бөлүгүн эске алып
Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүбоюнча атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасы 480.0миң сомго бекитилсин.
2. Жыл ичинде ата-энелердин мүчөлүк акысы сметада каралган суммадан ашыкча киреше тушсө,кошумча смета түзүп, чыгаша бөлүгүнө иштетүүгөуруксат берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнун башчысы А.Азимжановгомилдеттендирилсин.
Төрага | С. Жээналиев |