Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 10/1
2017-жылда жазгы талаачылык жумуштарын өз мөөнөтүндө сапаттуу өткөрүүдө, жазгы айдоо себүү, минаралдык жер семирткичтер менен камсыз кылууда, айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистин жана айыл башчылардын вет.инспектордун жүрүп жаткан иштери жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистин жана айыл башчылардын вет.инспектордун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 28-беренесинин 4-пунктуна ылайык:
Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылда жазгы талаачылык жумуштарын өз мөөнөтүндө сапаттуу откөрүүдө, жазгы айдоо себүү, минаралдык жер семирткичтер менен камсыз кылууда, айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистин жана айыл башчылардын вет.инспектордун жүрүп жаткан иштеринде талапка ылайык иштер жүргүзүлгөндүгү бегиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагында санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштеринде айрым кемчилдиктерди тез аранын ичинде жөнгө салуу айыл башчыларга жана жер боюнча адис Т.Кыдыркуловго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
Төрага | С. Жээналиев |