КОҢУР -ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин 5- чакырылышынын 10 -отуруму
2017-жылдын 21-апрели № 10/2
Алай райондук мамлекеттик администрациясынын №40 24-февраль 2017-жылдагы буйругунун негизинде жана алардын идентификациялоо жана көзөмөлдөө системалык мааалымат базасына киргизгендиги үчүн операторлордун айлык акысын жана ветеринардык врачтын кызмат акысын карап берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694, 2016-жылдын 11-апрелиндеги №187 токтомдорунун негизинде, Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай райондук мамлекеттик администрациясынын №40 24-февраль 2017-жылдагы буйругунун негизинде жана алардын идентификациялоо жана көзөмөлдөө системалык мааалымат базасына киргизгендиги үчүн операторлордун айлык акысын жана ветеринардык врачтын кызмат акысын карап берүү жагы сунушталсын
2. Айылдык кеңештин кезектеги отурумунда бекиткен суммасынын негизинде оператордун, вет.врачтын эмгек акысы ар бир малга 10 сомдон алынып, малдын идентификациялоо учурунда, малдын ээси тарабынан төлөнүүчү акчанын эсебнинен келишимдин негизинде төлөнүп берилсин
3. Токтомдун көзөмөлдөө айылдык Кеңештин социалдык маданий иштер боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Жээналиев |