Редакцияот 21.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢУР -ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин 5- чакырылышынын 10 -отуруму

 

2017-жылдын 21-апрели № 10/3

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Жар- Кыштак айылындагы Гүлчө дарыясынын жээгиндеги таштанды төгүлүп жаткан  жерди көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга берүү жөнүндө

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер боюнча адисинин билдирүүсүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 6-бөлүмүнүн 46-беренесинин 3-пунктуна ылайык:

Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Кыштак айылындагы Гүлчө дарыясынын жээгиндеги таштанды төгүлүп жаткан жерди көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга берүүгө макулдук берилсин.

2. Жар-Кыштак айылындагы Гүлчө дарыясынын жээгиндеги таштанды төгүлүп жаткан жерди көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга берүү үчүн айыл  өкмөтү менен биргеликте келишим түзүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Т.Кыдыркуловго тапшырылсын.

 

Төрага

С. Жээналиев