Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 2
Менчик мал багарлардын 2017-жылга карата кызмат акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 4-пукнтуна ылайык айылдык Кеңешинин төрагасы Т. Стамбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 6 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айылдык Кеңешинин төрагасы Т Стамбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Менчик мал багарлардын 2017-жылга карата кызмат акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин :
1. Кара малга бир баш 300 сом
2. Кой, эчкиге бир баш 80 сом
3. Жылкыга бир баш 500 сом (малдардын тузу, жайыттын ижара акысы ичинде)
3. Менчик мал багарлардын 2017-жылга карата кызмат акысы боюнча маалыматты жер-жерлерде менчик мал багарларга жана айылдын тургундарына жеткирүү жагы айыл башчыларына жана депутаттарга жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |