Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 3
Айыл чарба жерлерин аукцион жана ижарага берүү боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 29.06.2007-жылдагы № 1997-III-токтому менен бекитилген Жобонун 3-беренесинин 21-22-пуктуна ылайык күн тартибиндеги маселени угупжана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 6 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлерин аукцион жана ижарага берүү боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссия курамы түзүлсүн :
· Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамы толугу менен
· Бюджет жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссянын төрагасы
· Укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы
· Айыл Өкмөтүнүн орун басары
· Жер боюнча башкы адиси
· Ф.Э.Б. башчысы
· Салык кызматкерлери бекитилген чек аралары боюнча
· Депутаттар бекитилген чек аралары боюнча
· Айыл башчылары жеринде
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин төрагасы Т Стамбаевге жана айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |