Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 5
Турак жай куру үчүн жер участогун ажыратып берүү боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.05.2005-жылдагы № 177-токтомуна ылайык күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 6 -сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турак жай куру үчүн жер участогун ажыратып берүү боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссия курамы түзүлсүн :
· Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамы толугу менен
· Укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы
· Жер боюнча башкы адиси
· ВУСтун инспектору
· Депутаттар бекитилген чек аралары боюнча
· Айыл башчылары жеринде
· Социалдык маселелер боюнча башкы адис
· МЧСтин өкүлү
· Ноокен райондук шаар курулуш жана архитектура бөлүмүнүн өкүлү
· Ноокен райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармасынын өкүлү
· Айыл Өкмөтүнүн салыкчылары
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин төрагасы Т Стамбаевге жана айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |