ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-январы № 6
Оро айылдык аймагынын 2014-2017-жылдарга туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын өзгөртүү толуктоолор менен бекитүү жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы Кыргыз Республикасынын 15.07.2011-ж. №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып, АРИС тарабынан жүргүзүлүп жаткан АИД-3 долбоорун ишке ашыруу максатында, каралган программаны талкуулап, тактап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оро айыл аймагынын 2014-2017-жылдарга туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы толуктоолор жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин.
2. Оро айыл аймагынын 1-май айылына ири долбоор “100 орундуу бала бакчанын имаратын” куруу жана Жон-Коргон айылына кичи долбоор “футболдук аянтча” куруу АРИС тарабынан өткөрүлүүчү конкурска сунушталсын.
3. Ири долбоорду жана кичи долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн каражатынан каржылансын.
Төрага | Н. Шадыканов |