Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 3-6
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамын аткаруу үчүн жооптуу катчыга ыйгарым укуктарын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Нотариат жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамын аткаруу үчүн жооптуу катчысына берилген ыйгарым укуктарын бекитип берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап, Найман айылдык кенешинин кезексиз сессиясынын заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Нотариат жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамын аткаруу үчүн Найман айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына берилген ыйгарым укуктары бекитип берилсин.
2. Бекитип берилген укуктар боюнча мыйзамдын негизинде иш алып баруу жагы Найман айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кенешинин мыйзамдуулук,бюджет, экономика,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |