Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы № 4-5
Найман айыл өкмөтүнүн Жаштык көчөсүндөгү Шамаев Максатбек Шараповичтин менчигиндеги 1,47 га жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн Жаштык көчөсүндөгү Шамаев Максатбек Шараповичтин менчигиндеги 1,47 га жер аянтын турак үй куруу үчүн Ноокат районунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2017-жылдын 20-февралындагы №17/17 корутундусунун негизинде Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүнүн Жаштык көчөсүндөгү Шамаев Максатбек Шараповичтин менчигиндеги 1,47 га жер аянтынын багытын өзгөртүп турак үй куруу үчүн берилсин.
2. Турак үйүн куруу үчүн багытын өзгөртүүгө берилген жер аянтын максаттуу пайдалануу жана салыктын бардык түрлөрүн убагында айыл өкмөтүнө төлөп туруу жагы Шамаев Максатбек Шараповичке милдеттендирилсин.
3. Багытын өзгөртүү үчүн берилген жер аянтына керектүү документтерин даярдап берүү жагы Ноокат районунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы жана Ноокат районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо боюнча башкармалыгынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |