Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы № 4-6
Кен байлыктарды аныктоо үчүн геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жер аянтын убактылуу иштетүүгө берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-3- статьясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген кен байлыктарды иштетүүгө жер аянттарын берүү жөнүндөгү п. 8 жобосун жетекчиликке алуу менен, "Тянь Шань Голд" жоопкерчилиги чектелген коомго, Найман айыл өкмөтүнө караштуу 242 га жер аянтын, кен байлыктарды аныктоо үчүн геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө убактылуу иштетүүгө берүү максатында Найман айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Тянь Шань Голд" жоопкерчилиги чектелген коомго кен байлыктарды аныктоо үчүн геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө Найман айыл өкмөтүнө караштуу 242 га жер аянты убактылуу иштетүүгө берилсин.
2. Берилген жер аянтына керектүү документерин даярдап, келишим түзүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Эрматов |