Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-марты № 9
Кара-Суу айылдык аймагынын өзгөчө күтүүсүз кырдаалдар үчүн каралган каражатын (34 миң сомду) пайдалануу жөнүндө
Кара-Суу айылынын жалпы элдик жыйынын чечимине таянуу менен Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылдык аймагындагы күнгөй тараптагы жайга баруучу жолдогу аралчаны суу каптап жаткандыгына байланыштуу суунун нугун нары жылдыруу үчүн өзгөчө күтүүсүз кырдаалдан каралган акча каражатынан 34миң сом жер май(солярка) алууга жумшалсын.
2. Акча каражаты менен камсыз кылуу жагы Кара-Суу айылдык аймагынын каржы бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу А.Кабыловага милдеттендирилсин.
3. Аралчадан суунун нугун нары жылдыруу үчүн уюштуруу иштерин жүргүзүү жана аткаруу жагы Кара-Суу айылдык аймагынын башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кара-Суу айыл Кенешинин алдындагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |