Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-марты № 8
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловдун 2016-жылдын 12 айдын жыйынтыгы менен калган эркин каражатты максаттуу пайдалануу боюнча сунушун угуп жана талкуулап чыгып Кара-Суу айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 12 айдын жыйынтыгы менен калган эркин каражаттын эсебинен 100 754 миң сом акча каражаты айылдын ички көчөлөрүн оңдоого жумшалсын.
2. 27(жыйырма жети) мин сом акча каражатын М. Береналив атындагы күрөш залынын тренери Э.Береналиевге балдарды республика ичиндеги боло турган грек-рим күрөш турнирлерге алып баруу үчүн жол кире акыларына жумшалсын.
3. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Кабылова бөлүнгөн акча каражаттарды өз убагында которуп алып берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин муниципалдык менчик экономикалык өнүктүрүүнүн пландары бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Эрматов |