Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-январы № 2/2
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн ветеринардык врачы А Алиевдин 2017-жылдын 24-январындагы №1 –арызынын негизинде
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 17-январындагы аппараттык жыйынынын №1-протоколунун негизинде элдин колундагы малдарды идентиификациялоо боюнча ветеринардык дарыгерлердин жана операторлордун кызмат акысын бекитип берүү тууралуу арызын карап чыгып, угуп жана талкуулап айыл кеңеши
(А/ кеңештин туруктуу комиссиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 17-январындагы аппараттык жыйынынын №1-протоколу
2. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн ветеринардык врачы А Алиевдин 2017-жылдын 24-январындагы №1 –арызы канааттандырылсын.
3. Кара-Таш айыл аймагында ири мүйүздүү малды биркалоо үчүн ветеринардык дарыгердин эмгек акысы 22 сом 24 тыйындан, эми оператордун эмгек акысы 10 сомдон, ал эми кой-эчкилерди биркалоо 20 сомдон деп бекитилсин. Ар бир жаран тарабынан 1(бир) баш ири мүйүздүү малды биркалоого 70 (жетимиш) сомдон төлөнсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Джаныбаев |