Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-апрели № 19/ 8
Жошолу айыл округундагы жайыт комитетинин 2011-жылга иш планын бекитүү , Сырттан келген малдарды каттоого алуу жана жайыт үчүн малдын туруно карабай тариф белгилөө
Жошолу айылдык округунун аймагынан тышкары жактан багуу учун айдалып келген малдарга туруно карабай ветеринардык жугуштуу оорулардын алдын алуу, аны аныктоо жана жайыт учун толомдорду белгилөө максатында Жошолу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл округундагы жайыт комитетинин 2011-жылга карата түзүлгѳн иш планы депутаттардын колдоосу менен бекитилсин ( тиркеме тиркелет).
2. Жошолу айылдык округунун аймагына багуу үчүн айдалып келген малдардын санын аныктоо үчүн жана эмдѳѳдѳн ѳткѳндүгү тууралуу маалымат билүү максатында айылдык округдун аймагынын Коммунизм айылыда тосмо коюу уюштурулсун.
3. Малдын түрүнѳ карабай аймактын ичине жайыт пайдалануу үчүн айдалып келген малдардын так саны аныкталып, кайсы жайытка барганды жана эмдѳѳдѳн ѳткѳндүгү тууралуу маалыматтар такталып, Кыргыз Республикасынын жайыттар жѳнүндѳ мыйзамдын жана Жошолу айылдык Кеӊешинин сырттан келген малдарга жайыт учун тарифтик тѳлѳм белгилѳѳ жѳнүндѳгү чегиминин негизинде жайыт пайдалануучуларга малынын санына жараша тариф белгиленип, келишим менен киргизилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо бардык айыл башчыларга, жайыт комитетинин тѳрагасына, ветеринардык кызматкерлерге, участкалык инспекторго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык округунун башчысынын орун басары Т.Абдрахмановго тапшырылсын .
Жошолу айылдык Кеӊешинин тѳрагасы |
К.Алдашев
|