Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-февралы № 4/3
Кара-Таш айыл өкмөтүнө 2017-жылга айылдык бюджетке түшүүчү физикалык тараптардан алынуучу жер салыгына, таштанды төлөмүнө жана жердин ижарасы үчүн акы төлөмдөрүн көтөрүү сунушун бекитүү жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2016-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга каралган айылдык бюджетти жана 2018-2019-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жонундогу» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелуу мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кара-Таш айылдык кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердуулук» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Кара-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга Кара-Таш айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетине түшүүчү физикалык тараптардан алынуучу жер салыгына 1,2 коэффицент, таштанды төлөмүнө 25 сом башкача айтканда 100 сомго,жердин ижарасы үчүн алынуучу салыктын түрүнө 30% өлчөмүндө көтөрүү сунушу бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. 2017-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактарына түшүүчү акча каражатын туура пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысына жана финансы эконмика бөлумүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Джаныбаев |