Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-февралы № 1
Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы кара малды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын маалымат базасына киргизгендиги үчүн операторлордун эмгек акысын жана ветврачтардын эмгек акысын карап берүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы кара малды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын маалымат базасына киргизгендиги үчүн операторлордун эмгек акысын жана ветврачтардын эмгек акысын карап берүү жөнүндөгү НРМАнын буйругун жана ветврач А.Рахманбердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Т.Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирка 40 сом мамлекет тарабынан коюлган ар бир кара малга,ветврачтардын эмгек акысы 30 сомдон тургундардын эсебинен,оператордун эмгек акысы ар бир кожолуктун кара малын жана кыймылын киргизүүгө 30сомдон айыл өкмөтү тарабынан келишимдин негизинде төлөнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ветврач А.Рахманбердиевке милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Баймуратов |