Редакцияот 22.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т. Зулпуев айылдык кеңешинин VI- чакырылышынын 4- сессиясы

 

2017-жылдын 22-февралы № 4-2

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесинин 6-бөлүгүнө негиз айыл чарба багытындагы жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасын кыртыштын бонитетин эске алуу менен ставкасын көтөрүү жөнүндө

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын ставкаларын көтөрүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесинин 6-бөлүмүнүн негизинде,айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы жер салыгы базалык ставканын 1,5 эсе өлчөмүндө бекитилсин

Суулуу жер -1га 619,5 сом

Кайрак жер- 1га 93,45 сом

Бак жерлер- 1 га 349,45 сом

Чөп жай -1 га 41,7 сом

Жайыт жер 1 га 19,05 сом

2. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын бонитетин аныктоо жер боюнча башкы адиси Б.Мадраимовго милдеттендирилсин..

3. Токтомдо көрсөтүлгөн салык нормаларынын сакталышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Нурматовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н. Баймуратов