Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-февралы № 4-3
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн айыл башчы жана ВУС инспектору бекитип беруу боюнча сунушун кароо жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн райондук статистика бөлүмүндө он айыл катталгандыгы,бирок бүгүнкү күндө сегиз айыл башчы иштеп жаткандыгын алыскы айылдардын социалдык-экономикалык маселелерин мыйзам талаптарына ылайык чечүү максатында 2017-жылы эки айыл башчы штаттык бирдигин жана аскерге милдеттүүлөрдүн саны төрт жарым миңден ашып кеткендигине байланыштуу бир ВУС инспектору штаттык бирдигин ачып берүү жөнүндөгү сунушун карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомунун (**) жана(****) эскертмесине ылайык Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кошумча эки айыл башчы штат,бир ВУС инспектору штат бирдиги каралып берилсин.
2. Айыл башчынын штат бирдигин жана ВУС инспектору штат бирдигин жергиликтүү бюджетке киргизүү,өз убагында эмгек маянасын төлөп берүү ФЭБ башчысы Ж.Нурматовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын айылдык кеңешинин бюджет экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Баймуратов |