Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-апрели № 5-1
СОВП “Кыркол суусу “жетекчисинин , Өсөр, Уч-Бай айылдарынын айыл башчыларынын элди таза суу менен камсыз кылуу суранычы жана суу пайдалануучуларды таза суу менен камсыздоодо тарифтерди бекитүү жөнүндө
СОВП “Кыркол суусу” жетекчиси Т.Маматовдун жана Өсөр,Уч-Бай айылдарынын айыл башчыларынын элди таза суу менен камсыз кылууда мурдагы суу түтүкчөлөрүнүн айрым жерлери тешилип калгандыктан ремонтуна каражат жана туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында таза суудан пайдалангандыгы үчүн тарифтерди бекитип берүү жөнүндөгү өтүнүчүн карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31 беренесинин 14 пунктуна ылайык Т.Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. СОВП “Кыркол суусу” суу түтүкчөлөрүн ремонттоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 46,0 миң сом акча каражаты каралсын.
2. СОВП “Кыркол суусу” ишканасынын туруктуу иштеши жана суу пайдалануучуларга үзгүлтүксүз суу жеткирүү максатында төмөндөгү тариф бекитилсин.
Таза ичимдик суудан пайдалангандыгы үчүн ар бир түтүнгө айына 140 сом 00 тыйын
3. СОВП 2Кыркол суусу” ичимдик сууга бекитилген тарифи 2017-жылдын 2-майынан баштап колдонулсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мамлекеттик сатып алуулар ,суу, жол,энергетика,инвестиция,айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Баймуратов |