Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-апрели № 5-2
Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын Камал-Ата айылын аралап өткөн “Кыргыз-Ата” дарыясынын нугун тазалоо жана жээктерин бекемдөө боюнча ижарага берүү жөнүндөгү Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-апрелиндеги №11 токтомун бекитүү жөнүндө
Т..Зулпуев атындагы айыл аймагындагы Камал-Ата айылын аралап өткөн “Кыргыз-Ата” дарыясынын нугу сел калдыктарына,кум-шагылдарга толуп,сайдын жээктерин сел жеп,сайдын айланасындагы кожолуктардын турак-жайларына,огороддоруна,ички чарбалык жолдорго коркунуч жана зыян алып келгендиги жана келишимдин негизинде тазалоо жана бекемдөө жумуштары тууралуу Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 05-апрелиндеги №11 токтомун карап чыгып,дарыянын нугун тазалоого жана жээктерди бекемдөөгө айыл аймагынын финансылык мүмкүнчүлүгү жетишпейт.Тоолордо кар көп жаап,жаан-чачындын нормадан көп жаашына жана аба-ырайынын кескин өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана материалдык чыгымдарды азайтуу,атуулдардын турак-жайларын,тамаркаларын,короо-сарайлардын жана ички чарбалык жолду сел кесепеттеринен коргоо максатында Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 17-апрелиндеги “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин негизинде Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-апрелиндеги №11 токтому бекитилсин.
2.Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын Камал-Ата айылын аралап өткөн “Кыргыз-Ата” дарыясынын нугун тазалоо жана бекемдөө келишимдин негизинде ижарага берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер,жерге жайгаштыруу,айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Баймуратов |