Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-апрели № 19/9
Пакиза –Суу боюнча 2011-жылга карата тариф бекитүү
Жошолу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жошолу айыл округунда Пакиза-Суу долбоору боюнча ИСКАКБнын тѳрагасы Иманахуновдун билдирүүсүнүн негизинде 2010-жылдагы аткарган жумуштары канаттандыраарлык деп табылып 2011-жылга Пакиза- Суу ИСКАКБна кайрадан тѳрага болуп шайлансын.
2. Айылдык Кенештин депутаттарынын бир добуштан колдоосу менен 2011-жылдын 1-январынан баштап айыл округунун чарба китебинде катталган ар бир атуулга ар айына 12 сом ѳлчѳмүндѳ тарифтик тѳлѳм бекитилсин.
3. ИСКАКБнын кызматкерлеринин 1 жылдык эмгек акысына чогултулган тарифтен 204 мин сом бѳлүнсүн.
Эмгек акыга командировкалык чыгымдарга 40800 сом,
Электр энергияга 4800 сом,
5 % кредитти кайтаруу 212 680 сом.
Реагент үчүн ( сууну тазалоо учун ) 16170 сом
СЭСке кызмат корсотуу учун 4000 сом
Пландаштырылбаган чыгымдар 75455 сом
Салыктарды тѳлѳѳ үчүн (3,5 % суу сатуудан 5 % салык, соц фонд ) 21 780 сом.
Техникалык расход - 80 000 сом.
Ремонт запчас сатып алуу учун бир жылдык майда ремонтторго 75455 сом
4. АБРге 7-жыл ичинде кайтарулуучу 5 % акча ѳз мѳѳнѳтүндѳ АБРдин счетуна которуп туруу жагы ИСКАКБнын тѳрагасы Иманахуновго жүктѳлсүн .
5. Жошолу айыл округунда жайгашкан элдик мончолорго сарыпталуучу 1 куб суу учун келишимдин негизинде 10 сом ѳлчѳмүндѳ сумма байлансын.
6. ИСКАКБнын иши жѳндѳнгѳнгѳ чейин айыл округуна тѳгүлүүчү 4 % налогдон 3 % кыскартылып 1% айыл округунун счетуна которулсун.
7. Жеке үйгѳ Таза суу киргизүү учун ИСКАКБнын счетуна уруксат үчүн 3000 сом ѳлчѳмүндѳ акча тѳгүлсүн. Келишимдин негизинде жалпы тарифтен 4 эсе жогорку тариф менен ай сайын чарба китепте турган ар бир жанга 28 сом ѳчѳмүнд акча тѳгүлүп турулсун. Жеке суу киргизүүчү атуул системадан үйүнѳ чейинки матриалдарды жана башка чыгымдарын ѳзү камсыз кылсын.
8. Суу жүрүүчү системадан уруксатсыз ѳз алдынча суу жүрүүчү түтүкчѳлѳрдү улап алса 5000 (беш мин) сом ѳлчѳмүндѳ штраф ИСКАКБнын счетуна тѳгүлсүн, келтирилген зыян чыгым ошол атуулга жүктѳлсүн.
9. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ ФЭБ башчысы Сатыбалдыевге жана ИСКАКБнын тѳрагасы Иманахуновго жана айыл башчыларга жүктѳлсүн.
Жошолу айылдык Кеӊешинин тѳрагасы |
К.Алдашев
|