Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-майы № 71
Ош шаарындагы медреселердин жана мечиттердин абалы жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылга бекитилген иш планына ылайык Ош шаарынын казысы У.Сарыбаевдин Ош шаарындагы медреселердин жана мечиттердин абалы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги №3-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын казысы У.Сарыбаевдин Ош шаарындагы медреселердин жана мечиттердин абалы жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Раимбердиев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |