Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги 8- сессиясы (4- чакырылыш)
2017-жылдын 23-майы № 72
Ош шаарындагы аймактык кеңештердин аткарып жаткан иштери жөнүндө
Ош шаарындагы аймактык кеңештердин аткарып жаткан иштери жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын аймактык кеңештерди координациялоо боюнча адистер тобунун башкы адиси Б.Султановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2017–жылдын 4-майындагы №2-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы аймактык кеңештердин аткарып жаткан иштери жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын аймактык кеңештерди координациялоо боюнча адистер тобунун башкы адиси Б.Султановдун маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев):
- 2017-жылдын 4-кварталына чейин аймактык кеңештер боюнча акыркы бир вариантын иштеп чыгып, Ош шаардык Кеңешинин кароосуна киргизүү;
- Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Төлөйкөн айылындагы таза суу чыгарууга бөлүнгөн акча каражатынын сарпталышын жана сууну чыгаруу маселесин Ош шаардык Кеңешинин депутаттык фракцияларынын өкүлдөрү кирген комиссия түзүп карап чыгуу тапшырылсын.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына (А.Эргашева) жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Каримбеков) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |