Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги 8- сессиясы (4- чакырылыш)
2017-жылдын 23-майы № 74
Ош шаарынын билим берүү мекемелеринин иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Осмоновдун жана шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А.Асановдун Ош шаарынын билим берүү мекемелеринин иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган пикирлерди жана сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын билим берүү мекемелеринин иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгы белгиленсин.
2. Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (А.Асанов) Ош шаарынын билим берүү мекемелеринин иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө справкада белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү;
-билим берүү тармагында ишке болгон талапты күчөтүү, өз милдеттерин так жана сапаттуу аткарбаган билим берүү башкармалыгынын кызматкерлерине жана мектептердин, балдар бакчаларынын жетекчилерине мыйзам чегинде кескин чараларды көрүү;
-мектеп директорлорун, балдар бакчалардын башчыларын дайындоодо алардын квалификациялык талаптарга жооп берерин сөзсүз түрдө эске алуу;
-мектептерге окуучуларды жашаган микроучастоктору боюнча окууга тартууну жүзөгө ашыруу;
-шаардык мэрия, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жогорку окуу жайлар менен келишим түзүп, мектептерге орус тили жана башка мугалимдер жетишпеген предметтер боюнча мугалимдерди даярдоону уюштуруу;
-жаңы окуу жылына мектептердин даярдыгын кабыл алууда формалдуу карабастан, кабыл алуу комиссиясынан акыйкат ишти талап кылуу жана мектептерде орун алган кемчиликтерди жаңы окуу жылы башталганга чейин жоюуну камсыздоо;
-өз статусуна ылайык окуучуларга тиешелүү деңгээлде билим бере албаган мектеп-гимназиялардын ишмердүүлүгүн карап чыгуу;
-мектептерде жана балдар бакчаларында санитардык талаптардын аткарылышын жана балдардын тамак ашынын сапатын камсыздоо;
-ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөмдөрдүн шаардык билим берүү башкармалыгынын казыналыктагы атайын эсебине төлөнүүсүн камсыздоо;
-билим берүү мекемелерин компьютерлер жана интернет менен камсыздоо чараларын көрүү;
-шаардык билим берүү башкармалыгынын сайты аркылуу башкармалыктын ишмердиги жөнүндө маалыматтарды чагылдырып туруу;
-олимпиадалардын, жалпы республикалык жана жергиликтүү тестирлөөлөрдүн жыйынтыктарын эске алуу менен билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин окуучулардын билим сапаты үчүн жоопкерчиликтерин кароо;
- паракорчулукка, коррупцияга каршы иштерди күчөтүү сунушталсын.
3.Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев)
- шаардык билим берүү башкармалыгынын ишмердигине көзөмөл жүргүзүү жана ал тараптан тиешелүү мыйзамдардын аткарылышына талапты күчөтүү;
-мектептерде жетишпеген предметтик мугалимдерди жогорку окуу жайларда келишимдик негизде даярдоо боюнча билим берүү башкармалыгына колдоо көрсөтүү;
-мектеп окуучулар арасында тартип бузуулардын алдын алуу боюнча мектептер, ата-энелер, аймактык кеңештер, укук коргоо органдары жана коомчулук арасында биргелешкен иш-чаралардын алып барылуусун камсыздоо тапшырылсын.
4. Ош областындагы кызматтардын иш-аркеттерин көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна (А.Келдибекова) билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына кабыл алууда акыйкат иш алып баруу:
-билим берүү мекемелеринде санитардык талаптардын сакталышын камсыздоо боюнча мыйзам чегинде талаптарды күчөтүү сунушталсын.
5. Ош шаардык мэриясына (А. Кадырбаев), Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (А.Асанов) жана Ош областындагы кызматтардын иш-аркеттерин көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна (А.Келдибекова) шаардык Кеңештин билим берүү тармагы боюнча кабыл алган токтомдорунун аткарылышын камсыздоо тапшырылсын.
6. Токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Б.Астанакулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (А.Эргашева).
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Осмонов) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |