Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги 8- сессиясы (4- чакырылыш)
2017-жылдын 23-майы № 75
Жашы жетпеген өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын ана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иш-чаралар жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылга бекитилген иш планына ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн ага инспектору Н.Исакованын жашы жетпеген өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иш-чаралар жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 28-февралындагы №1-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн ага инспектору Н.Исакованын жашы жетпеген өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштери боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (К.Жолдошов) :
-Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү тескөөчүлөрүн башка кызмат ордуна которбоо жана аларды өз милдеттеринен сырткары башка багыттагы иштерге тартпоо;
-Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү тескөөчүлөрүнүн штаттык санын көбөйтүү маселесин карап чыгуу сунушталсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Раимбердиев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |