Редакцияот 23.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ош шаардык кеңешинин кезектеги 8- сессиясы (4- чакырылыш)

 

2017-жылдын 23-майы № 76

Туруктуу депутаттык комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү Каналиев Бактыбек Эркинович Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын айлык акы төлөнүүчү орун басары болуп шайлангандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каналиев Бактыбек Эркинович Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан чыгарылсын.

2. Ош шаардык Кеңешинин депутаты Турдуев Рысбек Акунбаевич Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамына киргизилсин.

3. Токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Б.Астанакулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (А.Эргашева).

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Ормонов