Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги 8- сессиясы (4- чакырылыш)
2017-жылдын 23-майы № 81
Ош шаарынын аймагында жайгашкан кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 15-мартындагы №86/08-6, 19-апрелиндеги №137/08-6, 22-майындагы №179/08-6 «Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндөгү» каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги №12, 2017-жылдын 11-майындагы №17- токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте жана Ош шаарынын Башкы планында көрсөтүлгөн жер пайдалануу багыттарын (зоналарын) сактоо шарты менен төмөндөгү жер тилкелеринин максаттык багыттарын которууга макулдук берилсин:
Ош шаарынын Заднепровский көчөсү №15 дарегиндеги, Абдыкадырова Анара Камбаровнага таандык, аянты 286,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «турак-жай, калктуу конуштун жерлери» багытынан «калкты тейлөө» багытына;
Ош шаарынын М.Бадыгин көчөсү №4 «А» дарегиндеги, Токторбаев Алмазбек Бороновичке таандык, аянты 159,50 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «турак-жай, калктуу конуштун жерлери» багытынан «коммерциялык» багытына;
Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсү №163 дарегиндеги, К.З.Токоевге таандык, 645,0 ч.м. жер тилкесинин максаттык багытын «жеке турак-жай» багытынан «социалдык» багытына;
Ош шаарына караштуу, Ош-Араван жолунун 6-километриндеги И.А.Туратовго таандык, 505,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «көрктөндүрүү жана жашылдандыруу» багытынан «коммерциялык» багытына.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) жогоруда аталган жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүү боюнча тиешелүү иш чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |