Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги 8- сессиясы (4- чакырылыш)
2017-жылдын 23-майы № 82
Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине караштуу экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна Европалык Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо банкы каржылаган Ош шаарындагы коомдук транспортту жакшыртуу жана шаардагы таза суу жана саркынды суу системаларын реабилитациялоо долбоорунун алкагында алынган жабдууларды жана транспорт каражаттарын күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 22-февралындагы №59/08-6 жана №60/08-6 Ош шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын каржы министрилигинин ортосунда 2013-жылы түзүлгөн келишимге ылайык Европалык Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо банкы каржылаган Ош шаарындагы коомдук транспортту жакшыртуу жана шаардагы таза суу жана саркынды суу системаларын реабилитациялоо долбоорунун алкагында алынган жабдууларды жана транспорт каражаттарын күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 3-майындагы №15-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине караштуу экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна Европалык Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо банкы каржылаган Ош шаарындагы коомдук транспортту жакшыртуу жана шаардагы таза суу жана саркынды суу системаларын реабилитациялоо долбоорунун алкагында алынган жабдууларды жана транспорт каражаттарын күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б. Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А. Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр -жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |