Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги 8- сессиясы (4- чакырылыш)
2017-жылдын 23-майы № 83
Ош шаардык А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадион тарабынан 2013-жылы бюджеттен алынган ссуданын кайтаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 17-мартындагы №18/08-5 Ош шаардык А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадион тарабынан 2013-жылы бюджеттен алынган ссуданын кайтаруу мөөнөтүн 2017-жылдын 25-декабрына чейин узартып берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2017-жылдын 11-апрелиндеги №9-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадион тарабынан 2013-жылы жергиликтүү бюджеттен алынган ссуданын калган 1040,0 миң сом каражатынын кайтаруу мөөнөтүн 2017-жылдын 20-декабрына чейин узартууга макулдук берилсин.
2. Ош шаардык А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондун 1040,0 миң сом бюджеттик ссудасынын төлөө графиги 2017-жылга төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн:
-II кварталга 200,0 миң сом;
-III кварталга 400,0 миң сом;
-IV кварталга 440,0 миң сом.
3. Ош шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) графикте көрсөтүлгөн сумманы төлөбөгөн учурда стадиондун 2017-жылдагы бюджетинен кармап калуусу сунушталсын.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б. Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеёешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А. Батыров) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |