Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-апрели №19/11
Жазгы сезон башталгандыгына байланыштуу Райондук Кеӊештин № 89 14.03.2011ж катынын негизинде Жошолу айыл округунун аймагындагы элди белгиленген убакта жайлоого кѳчүрүү жана жайытты туура пайдалануу жѳнүндѳ
Жошолу айылдык Кеӊешинин заседаниеси
Т О К Т О М К Ы Л А Т .
1. Элди жайкы жайлоого кѳчүрүү Жошолу айыл округунда белгиленген мѳѳнѳткѳ уюштурулсун .
2. Жайлоо территориялары аймактагы элдин мүмкүнчүлүгүнѳ байланыштуу чектеш жайгашкан айылдык округдар менен келишим түзүлүп, туура бѳлүштүрүлсүн.
3. Жайкы жайлоо убактысы элди кѳчүрүү 25-апрелден 5-майга чейин, кѳчүп келүү 20-сентябрдан эрте эмес деп белгиленсин.
4. Жайыттарды туура пайдалануу жана чѳп орунду аймакты, айыл чарба ѳсүмдүктѳрүн эгилген эгинди малга жедирбей сактоо максатында тийиштүү жайлоо участкаларында кароолдор уюштурулсун .
5. Чѳп чабынды участкаларды, себилген айыл чарба ѳсүмдүктѳрдү, эгилген айдоо аянтарды себепсиз малга тебелетсе, жыйналып турган айыл чарба түшүмүн бузуу же жок кылуу отургузулган ѳсүмдүктѳргѳ менчигинин формасына карабай мал же канаттуулар тарабынан зыян келтирилсе административдик жазыктар жѳнүндѳ АЖЖКнын 185-186 беренесинин негизинде административдик жаза салынсын.
6. Административдик жаза тѳмѳндѳгүдѳй белгиленсин.
а. Жайлоого ѳз убагында кѳчпѳй же түшүм жыйнала электе белгиленген графикти сактабаса же чоп чабынды участканы, себилген айыл чарба ѳсүмдүктѳрү, айдоо аянтты эскертүүлѳргѳ карабай тебелетсе АЖЖКнын 185-186 беренесинин негизинде 5000(беш мин) сом ѳлчѳмүндѳ администратвдик жазана салынсын.
б. Элди жайкы жайлоого кѳчүрүүдѳн кийин эгин талаасын, чоп чабынды участкаларды эгилген айыл чарба ѳсүмдүктѳрдү ат жана башка майда малдарды бош кое берип эскертүүлѳргѳ карабай зыян келтирсе бодо мал үчүн 300 сомдон 500 сомго чейин ал эми жандыкка ( кой-эчкиге) 100 сомдон 300 сомго чейин жазана салынсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл башчыларга жамаат башчыларга жана тийиштүү адистерге милдеттендирилсин.
Жошолу айылдык Кенешинин торагасы | К.Алдашев
|