Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин (6- чакырылышынын) кезектеги 4- сессиясынын отуруму
2017-жылдын 27-марты № 4/2
Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндөгү №74 көп кабаттуу үйдүн 1-кабатындагы «Өзгөн-2», «Жаныбек Казы» кварталындагы «Өзгөн-3» байланыш бөлүмдөрү жайгашкан имараттарды «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги IV сессиясынын отуруму шаардык кеңештин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын №2 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндөгү №74 көп кабаттуу үйдүн 1-кабатындагы «Өзгөн-2», «Жаныбек Казы» кварталындагы «Өзгөн-3» байланыш бөлүмдөрү пайдаланып жаткан имараттар Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде калтырылсын.
2. Мыйзамга ылайык жогорудагы имараттарга тийиштүү документтерди даярдоо жагы Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Б. Базарбаевке жана Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Э.Нишанбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун
ПРОТОКОЛУ
Өзгөн шаары № 2 28. 02. 2017-жыл
Катышышты: Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалилов, «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Купахуңов
Мүчөлөрү: депутаттар Ш. Абдрасулов, М. Рызакулов, И.Тажибаев
Өзгөн шаарынын мэри С. Пратов, МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Б. Базарбаев, шаар мэриясынын юристи И. Абдулкасимов, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Өзгөн райондук филиалынын жетекчиси С. Мамыров.
КҮН ТАРТИБИ:
Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 17-январындагы Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде турган Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндөгү №74 көп кабаттуу үйдүн 1-кабатындагы «Өзгөн-2», «Жаныбек Казы» кварталындагы «Өзгөн-3» байланыш бөлүмдөрү жайгашкан имараттарды «Кыргыз почтасы» ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү №27 каты
Отурумду «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Купахуңов ачып, отурумдун катышуучуларын күн тартибине киргизилген маселе менен тааныштыруу үчүн сөздү «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Өзгөн райондук филиалынын жетекчиси С. Мамыровко берди.
С. Мамыров: биз сөз кылып жаткан 2 почта бөлүмү шаарда жайгашкан, алар иш жүргүзүп жаткан имараттар 50 жыл мурда курулган. 2003-жылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн ошол имараттарды «Кыргыз почтасы» ишканасына өткөрүп берүү жагы каралсын деп буйрук чыккан, бирок ал иш ошол мезгилде амалга ашпай калган. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Премьер-министринде 2016-жылдын 19-декабрында өткөн кеңешмеде каралып, 1 айлык мөнөттө бул маселени чечүү боюнча протоколдук тапшырма берилген. Мыйзамда почта, байланыш ишканаларын имарат менен камсыз кылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына милдеттендирилген. Бул имараттарда 40-50 жылдан бери шаардын элин тейлеп жатабыз. Биздин баланста болбогону үчүн, биз ал имараттарды ремонт кыла албайбыз. Азыркы күндө имараттардын абалы жакшы эмес. Ал имараттардын документи да жок экен. Элге кызмат көрсөтүүгө эч кандай шарт жок. Биз мамлекеттик ишканабыз, ал имараттарды биздин баланска өткөрүп берсеңер, ал мүлкттөр мамлекеттин менчигинде калат.
МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Б.Базарбаев: имараттарды биз ремонт кылып берсек болбойбу.
Жооп: билбейм, мыйзамга туура келеби.
Депутат Р. Купахунов: биз титулга киргизип ремонтун толук кылып берели, шаардын муниципалдык менчигинде калсын.
С. Мамыров: башка жерлердеги имараттар биздин баланска өткөрүп берилди. Биздин баланста болбосо инвестиция тартуу мүмкүн болбой жатат, биздин баланска өткөрүп берилсе, жеке менчикке сатылып кетпейт.
Депутат Р. Купахунов: Сиздин сөзүңүзгө макулбуз. Баланска өткөрүп берсек мыйзам бузулбайбы. Имараттар муниципалдык менчикте турат. Өткөн жылы Ташлак ГСВ нын имаратын да оперативдүү башкарууга бергенбиз.
С. Мамыров: Бул Премьер-министрдин протоколдук тапшырмасы. Биз элге шарт түзүү максатында бул ишти кылып жатабыз.
МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Б.Базарбаев: башка имарат берсек болбойбу.
С. Мамыров: Эл ал жерге үйрөнүп калды. Мыйзамга ылайык мэрия бизди милдеттүү түрдө имарат менен камсыз кылышы керек.
Депутат Р. Купахунов: «Кыргыз почтасы» ишканасы аренда төлөбөйт, ошондуктан ремонт кылып, шарт түзүп берсек болбойбу.
Шаар мэриясынын юристи И. Абдулкасимов: ал жер кантип почтага өтүп калган.
С. Мамыров: мындан 50 жыл мурун бизге өтүп калган.
Шаар мэриясынын юристи И. Абдулкасимов: өзүнчө имарат болсо, сиздин мүлкүңүз болуп калат эле. Тоскоолдуксуз чечип койсок болот эле. Көп кабаттуу үйлөр шаардын муниципалдык менчиги, анын бөлүгүн ажыратып силерге өткөрүп берсе болобу. Сиз соттошуп уткан жер жеке менчикке өтүп кетет беле.
Жооп: Биз сотто утпаганда жеке менчикке өтүп кетет эле.
Шаар мэриясынын юристи И. Абдулкасимов: депутаттар макул болбосо, ким жоопкерчилик тартат.
Жооп: райондун акими, шаардын мэрине сөз тиет.
Шаар мэриясынын юристи И. Абдулкасимов: мен бул боюнча тиешелүү адис эмесмин. Почта мамлекеттик ишкана, алар мамлекеттик мүлктү сатууга укуксуз, алардын балансына өткөрүп берилбесе шаар мэриясы ремонтун кылып, эмеректер менен камсыздашы керек. Сунушум буларга өткөрүп берсе мыйзам бузулбайт. Кыргыз почта шаар мэриясына кат менен кайрылган. Бул маселени тыкандык менен караш керек. Өкмөттүн протоколдук тапшырмасын да эсепке алышыбыз керек. Имараттардын документи жок.
С. Мамыров: мен биз пайдаланып жаткан башка имаратты жеке менчикке сатылышына каршы болгонмун жана 6 жолу соттошуп утуп алганмын.
Депутат Ш. Абдурасулов: менимче бул маселени сессияга алып чыгып, коллегиалдуу чечишибиз керек.
Депутат Р. Купахунов: бул имараттарга шаардын да, почтанын да кызыкчылыгы жок. Туура эмес чечим чыгарып, депутаттарга сөз тийбеши керек.
Шаар мэриясынын юристи И. Абдулкасимов: шаардан өткөн жол транспорт министрлигине карайт, бирок жол боюнда субботник өткөрүүнү, көрктөндүрүүнү биз жүргүзөбүз. Шаардын аймагындагы мүлктү көзөмөлдөшүбүз керек.
С. Мамыров: мамлекет боюнча реформа жүрүп жатат, максат элге шарт түзүү.
Шаар мэриясынын юристи И. Абдулкасимов: шаардагы кээ бир муниципалдык мүлктөр департамент аркылуу сатылып кетти, бул объекттер мамлекеттик менчикке өтөт.
Депутат М. Рызакулов: кийин жеке менчикке сатылып кетпейби.
Жооп: жеке менчикке сатылып кетпейт.
Депутат Р. Купахунов: биз ремонт кылып, шарт түзүп берели, шаардын муниципалдык менчигинде калсын.
Шаар мэриясынын юристи И. Абдулкасимов: буларды оргтехника менен камсыздоо мэриянын милдетине кирбейт. Ремонт кылса каражат кетип жатат.
Депутат Ш. Абдурасулов: ремонтту каржылоо жагын ким кылат.
Жооп: бул реформа эл аралык банк аркылуу каржыланат, биз обьекттерди тактап, жардам берүү боюнча өкмөткө сунуш беребиз. Силерден каржыланса финансалык мыйзам бузуу болот.
С. Мамыров: мэрия, МММБ департамент бул маселени чечүүгө кызыгышы керек, комиссия мүчөлөрү силер конкреттүү сунушуңарды сессияда кароо үчүн беришиңер керек. Бул мамлекеттик саясат.
Депутат Р. Купахунов: биз обьекттерди өз ордунда көрүп, изучение кылышыбыз керек. Кийин сессияга сунуш берсек.
Шаар мэриясынын юристи И. Абдулкасимов: бул маселе өкмөттүн тапшырмасы, силер өзүнөрдүн конкреттүү сунушуңарды беришиңер керек.
С. Мамыров: мэрия бизге пайдаланууга берген имараттарга биз аренда төлөшүбүз керек эмес. Сессияга чейин туруктуу комиссия карап конкреттүү сунушун берсин.
Күн тартибиндеги маселе боюнча «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндөгү №74 көп кабаттуу үйдүн 1-кабатындагы «Өзгөн-2», «Жаныбек Казы» кварталындагы «Өзгөн-3» байланыш бөлүмдөрү пайдаланып жаткан Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде турган имараттарды ГОС акттарын жана башка документтерин толуктап муниципалдык менчикке толук өткөрүү жагы МММБ департаментинин директорун милдетин аткаруучу Б. Базарбаевке милдеттендирилсин.
Имараттарды «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасына оперативдүү башаруу укугу менен берүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы |
Р. Купахунов |