Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин (6- чакырылышынын) кезектеги 4- сессиясынын отуруму
2017-жылдын 27-марты № 4/3
Өзгөн райондук салык кызматы менен Өзгөн шаар мэриясынын ортосундагы түзүлгөн келишимдин шарттарын бекитип берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Салык кодексинин», Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 токтомунун жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссияларынын 2017-жылдын 22-февралындагы биргелешкен жыйынынын протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн райондук салык кызматы менен Өзгөн шаар мэриясынын ортосундагы түзүлгөн келишимдин шарттары жактырылсын.
2. Келишимде белгиленген милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу жана аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Өзгөн шаардык кеңешине маалымат берип туруу жагы Өзгөн шаар мэриясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |
Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун
ПРОТОКОЛУ
Өзгөн шаары №1 22-февраль 2017-жыл
Катышканы -10 депутат
Катышышты: Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы - А. Джалилов
Депутаттар: О. Каримов, А. Артиков, А. Шарабидинов, Б. Мирзажанов, И.Мамадалиев, К. Моминов, М. Хурулбаев, М. Мирюсупов, И. Дадажанов
Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов, салык жана жыйындар боюнча Өзгөн шаар мэриясынын жетектөөчү адиси Т. Туркбаев
КҮН ТАРТИБИ:
Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 17-февралындагы Өзгөн райондук салык кызматы менен Өзгөн шаар мэриясынын ортосундагы түзүлгөн келишимдин шарттарын бекитип берүү жөнүндөгү №117 каты.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Өзгөн шаарынын вице-мэри Р.Атаджанов түшүндүрмө берди: биз бул маселе боюнча Кара-суу шаарына барып тажрыйба алмашып келдик. Шаардын 23 миң калкы бар экен, 6 киши салык бөлүмүндө иштейт экен. Алар Республикабызда баштапкы болуп иш баштаган экен. Госрегистирден салык төлөөчүлөр боюнча маалымат базасын 20,0 миң сомго сатып алышкан жана анын негизинде ар бир салык боюнча салык төлөөчү боюнча өздөрүнө маалымат базасын даярдашкан. Адистерди компьютер менен камсыздаган (ноутбук). Ар бир салык төлөмдөрү боюнча салык төлөөчүлөргө жыл башында квартал комитеттердин төрагалары аркылуу эскертүү берилет экен.
Өзүнө тийиштүү аймакты анализдегенде жашырылган салыктар жана кошумча киреше табылган, 10,0 млн сом жергиликтүү бюджетке кошумча киреше түшкөн. Силер бул келишимди бекитип берсеңер, бизге көп ыйгарым укуктар өтөт. Төлөмдөрдү көзөмөлдөө да бизге өтөт. Буларга айып салууга да укук берилет. Патент, жер, мүлк салыгын биз толук көзөмөлдөйбүз. Булар жергиликтүү салыктар, биздин бюджетке толук түшөт. Кварталдык комитеттердеги дүкөндөрдү да каттап, эсепке алуу бизге өтөт.
Депутат Б. Мирзажанов: бул маселе элге оорчулук келтирбейби, текшерүүлөр жана төлөмдөр көбөйүп кетбейби.
Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов: салык органы өзүнөн өзү текшере албайт, салыктар да ставка боюнча алынат. Шаардын чек арасындагы, шаардын аймагындагы салыктар да көлөмөлдөнөт. Салык органы жана жергиликтүү салыкчылар тарабынан бири-бирин көзөмөлдөө болот. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесинде мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосундагы келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда келишимдин шарттары тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш деп белгиленген.
Келишим менен ыйгарым укуктарды өткөрүп алсак болот.
Депутат О. Каримов: кошумча штат алынабы, адистер үлгүрөбү.
Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов: мэриянын штаттык бирдигинин ичинен жылдырып иштетсе болот, бул иштерди толук аткарууга кошумча адистер керек.
Депутат К. Моминов: жергиликтүү бюджеттен штат алса болобу.
Өзгөн шаарынын вице мэри Р. Атаджанов: штат алуу мүмкүн эмес.
Салык жана жыйындар боюнча Өзгөн шаар мэриясынын жетектөөчү адиси Т. Туркбаев: ички штаттын эсебинен кошумча штат алсак болот, бирок оргтехника жетиштүү эмес. Сиздер ушуга жардам берсеңер. Бизге өткөрүп берүү боюнча тоскоолдуктар бар. Рита Карасартова бул долбоордун автору, Жободо каржылык суроолор каралган. Патент бекитилген ставка боюнча төлөнөт. Ашкана жана башка төлөөчүлөр тарабынан киреше салыгы толук төлөнбөй жашырылып жатат. Патенттин мөөнөтүн узартуу бизде болот. Биз менен макулдашпай салык органы текшере албайт.
Депутат Б. Мирзажанов: киреше салыгын жумушчулар өздөрү төлөш керек. Бирок алар кирешеси аздыгынан төлөбөйт, муну жолго салуу кыйын маселе. Бул ишти жумушчуларга түшүндүрүү менен жолго салуу керек.
Салык жана жыйындар боюнча Өзгөн шаар мэриясынын жетектөөчү адиси Т. Туркбаев: комиссия түзүп, депутаттарды кошуп өз ордунда текшеребиз.
Депутат И. Дадажанов: бүгүнкү маселе шаарда көйгөйлүү, шаардын өзүнчө салык инспекциясы болушу керек. Келишим менен ыйгарым укукту өткөрүп алсак, кошумча киреше булактары табылат. Бул долбоорду колдоп беришиңиздерди суранам, мен долбоорду колдойм. Бул долбоор аста секин ишке ашат.
Өзгөн шаарынын вице мэри Р. Атаджанов: жеке ишкерлерге түшүндүрөбүз. Бизге кошумча иш кошулат, иштин көлөмү көбөйөт.
Депутат К. Моминов: бул салыктар каерге түшөт.
Өзгөн шаарынын вице мэри Р. Атаджанов: салык кызматы район боюнча бир орган, түшкөн кирешени казына бөлөт.
Депутат К. Моминов: жобо 2016-жылда чыккан экен. Эмнеге кеч каралып жатат.
Өзгөн шаарынын вице мэри: Р. Атаджанов бул боюнча мурун да кайрылганбыз.
Депутат К. Моминов: шаардын территориясы толук ажыратылганбы.
Өзгөн шаарынын вице мэри Р. Атаджанов: талаш жерлер бар. Шаардын бекитилген генпланы жок, бирок ПДПлар бекитилген. КНИИП тарабынан иштеп чыгылган шарттуу чек аралар бар.
Депутат К. Моминов: талаш жерлердеги биздин салык төлөөчүлөр биздин кызыкчылыкты коргойбу.
Өзгөн шаарынын вице мэри Р. Атаджанов: шаардын кызыкчылыгын коргойт.
Депутат А Шарабидинов: чек аралар такталып, салык төлөөчүлөр шаарга өтүп калса, салык ставкалары көбөйөт, элге оорчулук келтирет. База данный өзүбүздө болобу. Патентти ким берет.
Салык жана жыйындар боюнча Өзгөн шаар мэриясынын жетектөөчү адиси Т. Туркбаев: патентке бланканы алар берет, узартуу бизде болот, такталбаган жерлер бар, ал боюнча түшүндүрмө жүргүзүп жатабыз. Шаардын аймагындагы салык төлөөчүлөр шаарга салык төлөбөсө, бюджеттик жоготууларды аларга төлөтөбүз.
Депутат А Шарабидинов: полномочия бизге берилсе жакшы болот. Салык төлөөчүлөр чечим каерден чыкса, ошол жерге салык төлөп жатат.
Салык жана жыйындар боюнча Өзгөн шаар мэриясынын жетектөөчү адиси Т. Туркбаев: Дөн-Булак, Баш-Дөбө айыл өкмөттөрү менен сүйлөшүп бул маселелерди чечебиз.
Депутат И. Мамадалиев: бул маселени колдоп берсек шаарга пайдасы жакшы болот. Башка депутаттарга да түшүндүрүп койсок.
Салык жана жыйындар боюнча Өзгөн шаар мэриясынын жетектөөчү адиси Т.Түркбаев: ишкерликти убактылуу токтотуп туруу боюнча арыз бизге берилет. Биз салык органына беребиз. Бизде салык төлөөчү субьекттер көп, тажрыйбалуу адистер жетиштүү эмес, дислокацияны толук бүтүрүп алсак, салык төлөөчүлөр так болуп калат.
Өзгөн шаарынын вице мэри Р. Атаджанов: база данныйларды тактап алышыбыз керек. Биздин бюджетке киреше жергиликтүү салыктардан түшөт. 2025-жылга чейин шаардын генпланы республикалык бюджеттин эсебинен даярдалып берилет.
Депутат Б. Мирзажанов: Кызматкерлер жетишпесе, салык азайып кетпейби.
Өзгөн шаарынын вице мэри Р. Атаджанов: салык органы өзүнүн функциясын аткара берет, бизге кошумча иштин көлөмү көбөйүп жатат. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларды жолго салса болот.
Депутат Б. Дадажанов: бул ишти баштап, жолго салууда кыйынчылык болот, биз бул маселени колдоп беришибиз керек.
«Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Моминов: депутаттар тарабынан бул маселе колдоп берилсин деген бир эле сунуш түштү. Сунушту добушка койом. Сунушка макул болгон депутаттар добуш берип койсоңуздар. Каршы, калыс, жок. Сунуш бир добуштан колдоого алынды.
Өзгөн шаарынын вице мэри Р. Атаджанов: жер комиссиясынын курамы боюнча бизге шаардык кеңештен кат берилген. Кыргыз Республикасынын №571 токтомуна ылайык комиссия курамы боюнча сунуш мэрия тарабынан берилет. Депутаттардан комиссия курамы 11 кишиден турсун, анын ичинен 6 киши депутаттардан болсун, З. Иминовтун ордуна НПОдон кирсин деген сунуш түшкөн. Мэрия сунуштаган кишилер комиссия курамында калышы керек, депутаттарды өзүңөр чечесиңер.
Депутат О. Каримов: З. Иминов муниципалдык кызматкер, ал комиссия курамына кирсе болбойт.
Депутат К. Моминов: З. Иминовдун ордуна силерге баш ийбеген киши мүчө болуш керек. Комиссия ишинде жоопкер да болуш керек, комиссия курамында депутаттардан 6 киши болушу керек.
Депутат И. Дадажанов: мен вице-мэрлер калыш керек деп сунуш бергенмин.
Өзгөн шаарынын вице мэри Р. Атаджанов: комиссия курамына кирген киши мыйзамга ылайык чечим чыгарат, комиссиянын ишине таасир кыла албайт. Комиссияда каралуучу маселелер мыйзам боюнча чечилет.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Өзгөн райондук салык кызматы менен Өзгөн шаар мэриясынын ортосундагы түзүлгөн келишимдин шарттары жактырылсын.
Өзгөн райондук салык кызматы менен Өзгөн шаар мэриясынын ортосундагы түзүлгөн келишимдин шарттарын бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
«Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиянын төрагасы: |
А. Ж. Мамазайитов |
«Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиянын төрагасы |
К. Т. Моминов |