Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин (6- чакырылышынын) кезектеги 4- сессиясынын отуруму
2017-жылдын 27-марты № 4/5
Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Турсунбаев Санжарбек Авазхановичтин мандатын бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу» 2017-жылдын 15-мартындагы №117 чечиминин негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 15-мартындагы №117 чечимине ылайык «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан Турсунбаев Санжарбек Авазханович Өзгөн шаардык кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын жана анын депутаттык мандаты бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-мартындагы №117 токтомунун ылайык «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланган Ибрагимов Хушнутбек Турсунбаевичтин өз арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы эске алынсын.
3. Жаңы шайланган депутат Турсунбаев Санжарбек Авазханович Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөсү болуп бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |