Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин (6- чакырылышынын) кезектеги 5- сессиясынын отуруму
2017-жылдын 6-апрели № 5/3
Өзгөн шаарынын Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын жетекчилигинин ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги V сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча», «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссияларынын 2017-жылдын 29-мартындагы кошмо жыйынын протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Соттук өкүмдөрдү эске алуу менен, тактап айтканда Х. Курбанов Өзгөн шаарынын жетекчилиги тарабынан 2 жолу сөгүш алгандыгын, бул дисциплинардык жазадан туура жыйынтык чыгарбастан Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын жерлерин мыйзамсыз бөлүштүрүп бергендиги (соттун чечими бар) жана электроэнергиясын уурдоо жолу менен иштеткендигине байланыштуу кылмыш жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы (соттун өкүмү бар), штаттык бирдик боюнча мыйзам бузууга жол бергендиги (соттун өкүмү бар) үчүн Өзгөн шаарынын Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын директору Х. Курбанов жана бухгалтери О.Тажимаматованын ээлеп турган кызмат орундарын кароо жагы Өзгөн шаарынын мэри С. Пратовко милдеттендирилсин.
2. Өзгөн шаарынын Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын аймагындагы ижарага берилген муниципалдык жерлерге келишим түзүүнү МММБ департаменти аркылуу жүргүзүү сунушталсын.
3. Өзгөн шаарынын Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын 2017-жылдагы сметасына тактоо киргизүү Өзгөн шаарынын мэри С. Пратовко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча», «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |
Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча», «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун
ПРОТОКОЛУ
29-март 2017-жыл №2 Өзгөн шаары
Катышканы -15 депутат
Катышышты: Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы - А. Джалилов
Депутаттар: О. Каримов, А. Шарабидинов, Б. Мирзажанов, И. Мамадалиев, К.Моминов, М. Хурулбаев, М. Мирюсупов, И. Дадажанов, М. Рызакулов, Б.Шамиева, Р. Купахунов, И. Тажибаев, А. Мамазайитов, С. Турсунбаев,
Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу М.Макешев,
МММБ департаментинин директорун милдетин аткаруучу Б. Базарбаев,
КҮН ТАРТИБИ:
Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 6-мартындагы Өзгөн шаарынын Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багын 2017-жылдын 1-апрелинен ишмердүүлүгүн токтотуу жана бакты башкарууну түздөн-түз МММБ департаментине милдеттендирүү жөнүндөгү № 171 каты.
Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Моминов: Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынан 2014-2016-жылдарда канча каражат түшкөндүгү боюнча маалымат берип койсоңуз?
Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын башкы эсепчиси А.Тажимаматова: 2014-жыл ичинде 97,7 миң сом түшкөн, 2015-жылда 175,3 миң сом жана 2016-жыл ичинде 587,7 миң сом түшүрүлгөн.
Депутат К. Моминов: 2016-жылда баардыгы болуп 587,7 миң сом түшкөн болсо, жыл ичиндеги эмгек акыңарга 525,0 миң сом кеткен болсо сиздер 60,0 миң сомдун тегерегинде пайда келтирип жатасыздар, бул аз көрсөткүч.
Депутат И. Мамадалиев: Н. Азнабакиев атындагы эс алуу багы мектеп бала-бакча катары социалдык обьект катарында алар пайда келтирүүчү ишкана эмес ал эл дем ала турган обьект эсептелет.
Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын башкы эсепчиси А.Тажиматова: 97,7 миң сом түшкөндө да 500,0 тегерегинде эмгек акы төлөнүп келинген. 2015-жылдан баштап биздин паркка көңүл бурул жатат, азыркы күндө иштер жакшы жакка өзгөрүп эл көп чыгууда.
К. Моминов: паркыңарда электр энергиясын уурдоо боюнча факт катталганы жөнүндө маалымат бар, ошол боюнча эмне дейсиз?
Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын директору Х.Курбанов: бул маселе боюнча сот болуп өттү, жоопкерлерге сот тарабынан чаралар көрүлдү.
Депутат А. Мамазайитов: эмгек акы боюнча мыйзам бузуу болдубу?
Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын башкы эсепчиси А.Тажимаматова: бул масел боюнча да сот болду жоопкерлерге чаралар көрүлдү.
Депутат И. Мамадалиев: Н. Азнабакиев багында 3 чайкана болсо алардын аренда акысы канча?
Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын башкы эсепчиси А.Тажимаматова: пайдаланып жаткан жердин аянтына карап төлөшөт.
Депутат К. Моминов: урматтуу депутаттар бул маселени «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча», «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиялары карап жатканыбыздын себеби бирге талкуулап чечип койсок. Депутат И. Мамадалиев туура айтты бул социалдык обьект, бирок ошол паркка кете турган акчаны мектепке же бала бакчаларгы кетирсек пайдасы көбүраак болот деп ойлойм. Бул парктан мындан да көп акча каражатын түшүрүүгө мүмкүнчүлүк бар деп ойлойм. Мен Өзгөн шаар мэриясынын салык боюнча жетектөөчү адисине сессияда такталбаган жерлер боюнча бекеринен суроо берген жокмун, биз бюджетке түшө турган кошумча булактарды издеп табышыбыз керек.
Депутат И. Мамадалиев: парктын директору өзүнүн ой пикирин айтсын, белгилүү бир мөөнөткө чейин убакыт берели, же хоз-расчетко өтүүгө көзү жетеби.
Депутат И. Дадажанов: уматтуу депутаттар 2014-жылы мен шаар мэриясында адис кызматында иштеп жатканымда Х. Курбанов паркка директор болуп келген. Ошол мезгилде парктын өз имаратыда ажатканасы да жок болчу. Азыркы күндө парк өзүн өзү бага турган мезгилге келип калды. Эгерде соттун келишимдерди жокко чыгаруу жөнүндөгү чечимин карап көрсөңөр жер аянтын туура эмес көрсөтүлгөндүгү үчүн жокко чыгарып жатат. Азыркы күндө шаар мэриясы тарабынан көзөмөлдү күчөтүп өздөрүнө дагы убакыт берип көрүш керек, жерлер арендага берилип иштер жакшы жүрүп жатат.
Депутат И. Тажибаев: соттун чечими менен арендатор С. Узгенбаев менен Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багын ортосундагы келишим жокко чыгарылган, эми бул арендатор МММБ департаменти менен келишим түзө алабы.
Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын директору Х.Курбанов: бизди өзүн өзү каржыла ала турган кылып берсеңер кирешени 1,5-2,0 млн сомго чыгарууга аракет кылабыз.
Депутат А. Шарабидинов: урматтуу депутаттар Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багы шаар мэриясынын алдындагы баг болсо, биз Х.Курбановко мүмкүнчүлүк берсек алар аткарган иштери боюнча маалымат берсе, хоз расчетко өткөнү көзү жетсе өткөрүп берели.
Депутат А. Мамазайитов: эгерде МММБ департаментине бактын ишмердүүлүгүн өткөрсөк азыркы учурда иштеп келе жаткан арендаторлорго женилдиктер болобу.
Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу М. Макешев: сот болгондон кийин биз арендаторлор менен сүйлөштүк жана Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу жана арендага берүү укугун берүү боюнча комиссиянын отурумуна инвесторлор катары алып кирүү үчүн сүйлөштүк, бирок арендаторлор тараптан жооп келген жок.
Депутат А. Мамазайитов: С. Пратов мэр болуп келгенден бери ушул баг боюнча чыр чыгып келе жатат. Сот закондун негизинде МММБ департаменти тарабынан келишимдер түзүлсүн деп чечим кабыл алып жатат. Мэр болсо бюджетти үнөмдөп мектеп, бала бакча курууга аракет кылып жатат. Мэрг 6-ай убакыт берип көрөлү, кандай өзгөрүүлөр болот карап көрөбүз. Мэрия жактан бекер атракциондор кылып бериш керек.
Депутат А. Шарабидинов: башкарууну МММБ департаментине өткөрүп берсек арендаторлор чайкана дүкөн куруп 5 жыл иштетип жеке менчикке өткөрүүнү талап кылышы мүмкүн.
Депутат А. Мамазайитов: келишим түзүлүп жатканда жеңил конструкцияга куруу үчүн деп берилет.
Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорун милдетин аткаруучу Б. Базарбаев: келишимдин шарттарында жеңил конструкцияда курулат жана мэрияга же мамлекетке керек болуп калган учурда келишим жокко чыгарылат деп көрсөтүлөт.
Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу М. Макешев: бул баг боюнча бир жылдан бери чыр чыгып жатат, жылдын башында бактын директорун алдына чыгып өз сунуштарын сураганбыз. “Достук” багын да текшерип чыктык азыркы күндө 320,0 миң сомдун тегерегинде салыктан карыз болуп калгандыгын аныктадык. Өзгөн шаары боюнча колунда жок үй-бүлөлөрдө 1200 тегерегинде бала бар, ошолорго майрам күндөрү бир жылда бир бекер ойноо үчүн шарт түзүүгө аракет кылып жатабыз. Сиздерге кат берүүдөн алдын биз Бишкек, Ош шаарларын изилдеп көрдүк аларда бактарга жооптуу адистер иштейт экен, бирок өзүнчө ишканасы, директору жок экен. Бизде ушул эле жылы директор иштеп жатканда да дарактар кесилип кетти.
Депутат А. Шарабидинов: 1-2 күн майрам күндөрү үй-бүлөлүк шарты начар балдарга бекер ойнотууга шарт түзүп берсек жакшы болот эле.
Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу М. Макешев: бактын чархпалак, чынжыр, карусель арендага берилбейт алар МММБ департаментин балансында калып жооптуу адистер тарабынан квитанция берилип иштетилет.
Депутат А. Мамазайитов: МММБ департаменти менен арендаторлор арасында түзүлүүчү келишимде дарактарды эсептеп келишимдин шаттарына кошуп коюш керек. Арендаторлордун өзүнүн сунушунун негизинде комиссияда каралып кийин келишим түзүлөт.
Депутат И. Тажибаев: бактын аянты канча?
Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу М. Макешев: бактын аянты 9 га. Быйылкы 2017-жылда 400 түп көчөт отургузулду.
Депутат К. Моминов: бактын айланасын тосмолоого арендаторлорду мажбурлап жатасыңарбы.
Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу М. Макешев: биз көрктөндүрүүгө берилген жерлерди тосмолоо үчүн бактын тротуарын 150 метр бир жээгин инвестор катары ээлеген жерине жараша тосмолоого жардам берүүсүн сурадык, тосмолордун аркасына бир катар гүлдөрдү эгүүнү пландаштырып жатабыз.
Депутат И. Дадажанов: Н. Азнабакиев багын ишмердүүлүгү сезондук болуп эсептелет. Бул жердин башкаруусу МММБ департаментине өтсө, жерлер конкурска коюлат, кийин каалаган жараан утуп алыш мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Азыркы учурда иштеп жаткан арендаторлор эмне кылат.
Депутат А. Мамазайитов: мэр өз сунушун берди, шаардын 2017-жылга карата бюджети бекитилди бактын эмгек маянасын же башка маселелерин чече албайбыз.
Депутат О. Каримов: урматтуу депутаттар Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамында спорт жана маданий эс алуу жайларды уюштуруу мэриянын компентенциясына кириши көрсөтүлгөн, эгер ишкана жоюлуп кетсе кайра юридикалык жак катары ордуна кайтарыш кыйын маселе. Директордун иши натыйжасыз болсо аны алмаштырыш керек, бирок ишкана калсын.
Депутат К. Моминов: мен МММБ департаментинин жана Н. Азнабакиев эс алуу багын уставтары менен таанышып чыктым ишкана жок болуп кетпейт, бирок биз ишкерлердин да укугун коргошубуз керек. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №571 токтомунун негизинде арендеторлордун өзүнө инвесторлор катары берсек болот.
Депутат О. Каримов: келишим МММБ департаменти түзсө, көзөмөлдү бактын директору жүргүзсө болот.
Депутат К. Моминов: үч комиссия өздөрүн сунушун сессияда берсин.
Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын башкы эсепчиси А.Тажимаматова: биздин паркта биринчи болуп суу жана трансформатор маселесин чечүү керек.
Депутат К. Моминов: Х. Курбанов сиз директор кызматында канчы убакыт иштедиңиз жана инвестор тартуу боюнча кандай иштерди аткардыңыз.
Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын директору Х.Курбанов: 2014-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын премьер министрине кайрылганмын, ошондо Өзгөнгө 1,0 млн сомдук атракцион куруп беришин айткан.
Депутат К. Моминов: кат жүзүндө барбы ошол маалыматтар.
Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын директору Х.Курбанов: бар азыр жанымда жок.
Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча», «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Өзгөн шаарынын Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багын ишмердүүлүгүн токтотуу жана бакты башкарууну түздөн-түз МММБ департаментине өткөрүү маселеси Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.