Загрузка документа…
КОҢОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-январы № 13/20
Коңорчок айылдык Кеңешинин 2017-жылга карата иш планы жѳнүндѳ
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Депутаттардын Коңорчок айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Коңорчок айылдык Кеңешинин 2017-жылга карата иш планы алымча кошумчасы менен бекитилсин.
№ | Аткарылуучу иштердин мазмуну | мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар Аткарылгандыгы жөнүндө белги |
1 | Депутаттардын Конорчок айылдык Кенешинин 2017-жылга карата иш планын талкулоо жана бекитүү жөнүндө | январь | Байыш у У |
2 | «Таш булак АТМ»дин 2016-жылдагы аткарган иши тууралуу жана 2017-жылга карата иш планын жана бюджетин бекитуу жѳнүндѳ | февраль | ИСКААКБнын башчысы Ш.Боталиев |
3 | Коңорчок айыл аймагындагы «Жайылма» жайыт комитетинин 2016-жылдагы аткарган иштери жана 2017-жылга түзүлгѳн иш планын ,бюджетин бекитүү жѳнүндѳ | февраль | Жайыт комитетинин тѳрагасы Насырбаев М |
4 | Конорчок айыл аймагынын 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга түзүлгѳн бюджеттин талкулоо жана бекитүү жѳнүндѳ | февраль | ФЭБ башчы Г.Молдобаева |
5 | Коңорчок айылындагы сугат сууларын пайдалануучулардын ассоциациясынын (СПА)2016-жылдагы аткарган иштери жана 2017-жылга иш-планын,бюджетин бекитүү | февраль | СПА башчысы А.Усонов |
6 | Конорчок айыл аймагынын алдында түзүлгѳн коомдук уюмдардын (карыялар Кенеши аялдар Кеңеши, аксакалдар соту,жаштар уюму)2016-жылдагы аткарган иштери жана 2017-жылга милдеттери жѳнүндѳ. Айыл ѳкмѳтүнүн алдында түзүлгѳн комиссиялардын иши жѳнүндѳ (М:жер комиссиясы,сыйлык наам берүү б-ча комиссиясы ж.б
| февраль | Коомдук уюмдун жетекчилери Жооптуу катчы |
7 | Ак-Сай каналынын курулушунун натыйжасында пайдаланууга берилип жаткан 180 гектар суу баскан жер аянттарын айылдын элине ижарага берүүнүн тартибин, жол-жобосун кароо жѳнүндѳ | февраль | Атайын түзүлгѳн жумушчу топ жана айыл ѳкмѳтү |
8 | Айылдын тургундарынын малдарынын кыймылынын уюштурулушу жѳнүндѳ.(Идентификация,Уй кесүү, жандык малдардын топтолушу,зооветеринардык абалы ж.б) | март | Мал чарбасы жана ветеринария боюнча башкы адис К.Сатындиев |
9 | Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин 2016-2017-окуу жылынын жыйынтыктары жѳнүндѳ | сентябрь | Мектеп директору М.Исамамбетова |
| «Кубан Бѳбѳк» балдар бакчасынын кенже курактагы балдарга билим,тарбия берүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ | сентябрь | «Кубан бѳбѳк»балдар бакчасынын башчысы |
| Айылдын элин медициналык жактан сапаттуу тейлѳѳ боюнча айылдык ФАПтын жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ | сентябрь | ФАП башчы Б.Сатындиева |
| Н.Баев атындагы айылдык маданият үйүнүн, айылдык китепкананын элди маданий жактан тейлѳѳ боюнча жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ | ноябрь | Клуб башчы, китепкана башчы Н.Акунова А.Абдыбеков |
| Кылмыштуулукту алдын-алуу жана коомдук тартипти кѳзѳмѳлдѳѳ боюнча участкалык милиционердин отчету | ноябрь | Участкалык инспектор Ж.Назаров |
2. Иш пландагы каралган маселелер боюнча кеткен кемчиликтер эске алынсын.
3. Сессиянын материалдарын ѳз убагында даярдап,сессияга сунуш кылуу жагы жооптуу катчы К.Калыковага милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган чечимдерге кѳзѳмѳл жүргүзүү жагы айылдык Кеңештин тѳрагасына тапшырылсын.
Төрага | Байыш уулу У. |