Загрузка документа…
КОҢОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-марты № 14/24
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жѳнүндѳ» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында Конорчок айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Конорчок айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары ѳткѳрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине 3126 га жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кенеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын кѳп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун экинчи бѳлүгүндѳ кѳрсѳтүлгѳн пландар ѳз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнѳ ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсе,анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса ѳткѳрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайра жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органына кайтарып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы-Жайыт комитетине эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчѳлѳрүнѳ,жайыт пайдалануучуларга,жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына,жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий ѳкүлчүлүктѳрүнѳ Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык ѳз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду,маалыматтарды берип турууга милдетүү.
5 Жайыт комитети жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды ѳз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо,макулдашууда,бекитүүдѳ жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай кѳрсѳтүлүп туруусу белгиленсин.
6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жѳнүндѳ» Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын тейлѳѳ Конорчок айыл аймагынын башчысы А.Акиевге жүктѳлсүн.
Төрага | Байыш уулу У. |