Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-апрели № 19/ 12
Айылдык округдун компьютерине мыйзамдарды отургузуу үчүн акча каражат бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Жошолу айылдык Кеӊештин токтомдорун Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинен каттоодон ѳткѳрүү үчүн Алай райондук Кеӊешинин № 60 15.03.2011ж. катынын негизинде Жошолу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык Кеӊешинин токтомдорун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон ѳткѳрүү үчүн жана айылдык округдун мыйзам жыйнактарын компьютерге отургузуу үчүн айылдык округдун бюджетинен 10(он) мин сом ѳлчѳмүндѳ каражат бѳлүнүп берилсин.
2. Мыйзам жыйнактарды компьютерге отургузуу үчүн бѳлүнүүчү 10 (он) мин сом ѳлчѳмүндѳгү акча каражат райондук финансы бѳлүмүнѳн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык округдун финансы бѳлүмүнүн башчысы И.Сатыбалдыевге милдеттендирилсин, ал эми кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеӊештин туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Жошолу айылдык Кенештин торагасы |
К.Алдашев
|