Редакцияот 22.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Коңорчок айылдык Кеңешинин сессиясы

 

2017-жылдын 22-марты № 14/25

Коңорчок айыл аймагындагы кароосуз калган турак жай,короо жай алдындагы жер салыгынан бошотуу менен жеңилдикке чыгаруу, жергиликтүү бюджетке тушѳ турган таштанды салыгынын тарифин бекитүү жана Салык кодексинин 337-беренесинин 6- бѳлүмүнѳ ылайык жер салыгынын ставкасын кѳтѳрүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 344 беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык, Коӊорчок айыл аймагынын салык боюнча адиси Э.Маметтоктоевдин сунушунун негизинде Коӊорчок айыл аймагынын Айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагындагы кароосуз калган турак жай,короо жай алдындагы жер салыгынан шартына карап бошотуу жагын талдап, жеӊилдикке чыгаруу жагы салык боюнча адис Э.Маметтоктоевге тапшырылсын.

2. 2017-жылга карата жергиликтүү бюджетти толуктай турган таштанды салыгы түтүн башына 50 (элүү) сомдон 210 (эки жүз он)түтүнгѳ бекитилсин.

3. Салык кодексинин 337-беренесинин 6 бѳлүмүнѳ ылайык жер салыгынын базалык ставкасын кѳтѳрүү жагы ѳзгѳрүүсүз калтырылсын.

 

Төрага

Байыш уулу У.