Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айылдык Кеңешинин XXX чакырылыштагы кезектеги IV сессиясы
2017-жылдын 11-марты № 4/4
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жɵнʏндɵ» мыйзамынын 4-беренесине ылайык Нарын облусунун Нарын районунун учкун айыл аймагынын жайыт жерлеринин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруу пайдалануу жɵнʏндɵ
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жɵнʏндɵ» мыйзамынын 4-беренесине ылайык Нарын облусунун Нарын районунун учкун айыл аймагынын жайыт жерлеринин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруу пайдаланууну камсыз кылуу максатында Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Учкун айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтуу ɵз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары ɵткɵрʏлʏп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтуу кеңеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын кɵп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жʏргʏзʏʏсʏ милдентендирилсин.
3. Ушул токтомдун экинчи бɵлʏгʏндɵ кɵрсɵтʏлгɵн пландар ɵз убагында аткарылбаса же аларды иш жʏзʏнɵ ашырууда одоно кемчилдиктерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каржаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса ɵткɵрʏлʏп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтуу ɵз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы - Жайыт Комитетине эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мʏчɵлɵрʏнɵ, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтуу ɵз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтуу расмий ɵкʏлчʏлʏктɵрʏнɵ Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык ɵз убагында толугу менен тийиштуу отчетторду, маалыматтарды берип туруусуна милдеттʏʏ.
5. Жайыт комитетине жергиликтуу ɵз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды ɵз убагында жана бекитилген тартипте даяадоодо, макулдашууда, бекитʏʏдɵ жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай кɵрсɵтʏлʏп туруусу белгиленсин.
6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жɵнʏндɵ” Мыйзамынын негизинде жʏргʏзʏлʏʏсʏ каралсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Учкун айыл аймагынын айыл ɵкмɵтʏнʏн башчысы К. Мамырбаевге жʏктɵлсʏн.
8. Ушул токтом айыл ɵкмɵтʏнʏн аппаратынан каттоодон ɵткɵрʏлʏп www.uchkun.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик Укуктук актыларынын мамлекеттин реестрине киргизʏʏ ʏчʏн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жɵнɵтʏлсʏн.
Төрага | Э. Исмаилов |