Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин 6- чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2017-жылдын 6-марты № 4/1
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышын, 2017-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2018-2019- жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2017-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2018-2019- жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевдин отчётун, айылдык кенештин экономика, бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелер 14633.7 миң сомго, чыгашалар 12677.2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2017-жылга Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 15464.5 миң сом, мунун ичинен жергиликтүү салыктан түшүүчү кирешелер 8122.9 миң сом, теңдештирүү грант 7341.6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2017-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелери теңдештирүүчү гранттардан жана жергиликтүү бюджеттен түшө турган кирешелеринин эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- патент салыгы- 380.0 миң сом.
- бирдиктүү салык- 0.5 миң сом.
- сатуудан түшкөн салык- 1000.0 миң сом
- айыл чарба жеринен салык- 533.9 миң сом.
- огород салык- 339.7 миң сом.
- айыл чарба эмес багыттагы салык- 200.6 миң сом.
- транспорт салык- 400.0 миң сом.
- кыймылсыз мулкко салык- 7.0 миң сом.
- тазалык жыйым- 50.0 миң сом.
-атайын каражат 645.0 миң сом
- ФПС аренда акысы- 114.2 миң сом.
- подох.налог- 1451.0 миң сом.
Баары - 8122.9 миң сом
- теңдештирүүчү грант- 7341.6 миң сом.
Жалпысы- 15464.5 миң сом.
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга чыгымдар бөлүгү:
- башкаруу аппаратына- 8697.1 миң сом.
- агартуу тармагына- 4880.9 миң сом
- маданият тармагына- 1886.5 миң сом.
Баары- 15464.5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетинин болжолдуу долбоору киреше жана чыгымдар бөлүгү 15417.7 миң сом суммасында, 2019-жылга бюджетинин болжолдуу долбоору киреше жана чыгымдар бөлүгү 15942.7 миң сом суммасында бекитилсин.
5. 2017-жылдын киреше бөлүгүнүн бардык түрүнүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы салык инспекторлор К.Курманалиева, К.Абдраимова, Ж.Дуйшөкулова, А.Касмалиеваларга милдеттендирилсин.
6. Токтомду үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевге жана ФЭБ башчысы-башкы эсепчи Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
7. Айыл өкмөтүндө бекитилген жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүн айылдык кеңештин экономика, финансы, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы менен бирдикте иш алып барылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |