Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин 6- чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2017-жылдын 6-марты № 4/3
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынын жалпы элдик жыйынынын токтомун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынан Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинен шайланган депутаттары, Ак-Жар айылынын айыл башчысы М.Дүйшөналиевдин Ак-Жар айылындагы өтүлгөн жыйындын токтомун бекитип берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылында өтүлгөн жыйындын токтому бекитилсин.
2. Ак-Жар айылындагы мечиттин күн батыш тарабындагы бош 0.27 га жер жашылдандыруу парк аянтчасын курууга берилсин.
3. Жогорудагы бөлүнгөн жашылдандыруу парк аянтчасынын тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынын айыл башчысы М.Дүйшөналиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңешинин “Айыл жана жер реформасы, айлана чөйрөнү коргоо, курулуш жана байланыш “ боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |