Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2017-жылдын 28-марты № 5/4
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Бугучу-Бирлик айылдарында бош каражаттан бөлүнгөн акчаны бөлүү жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, № 3 Кеңсе шайлоо округунан шайланган депутат Б.Асакеевдин шайланган округунун тургундарынын жазган арызы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы 01.01.2017-жылга карата бюджеттик жана атайын эсептеги бош калган каражаттан бөлүнгөн Бугучу-Бирлик айылдарына:
1.100 (бир миллион бир жүз миң) сомдон
Бугучу айылына-600 (алты жүз миң) сом
Бирлик айылына-500(беш жүз миң) сом бөлүнсүн.
2. Бирлик айылына бөлүнгөн 500.0 (беш жүз миң) сом мунун ичинен 40 Чоро жаңы конушуна электр линиясын тартуу үчүн 250.0 (үч жүз миң) сом, 2 (эки) картошка казгыч алып келүүгө 250.0 (эки жүз элүү миң) сом бөлүнүп берилсин.
3. Жогорудагы бөлүнгөн акча каражаттарын бөлүштүрүп, иш кагаздарын бүткөрүү жагы ФЭБ башчысы Б.Тажиевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |