Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2017-жылдын 28-марты № 5/5
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу ЖПБнин төрагасы Б.Абдиловдун жазган арызы, 10.02.2017-жылдагы кошмо элдик жыйындын токтомун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевге ЖПБнин мурунку төрагасы Б.Абдиловдун жазган арызынын жана 10.02.2017-жылдагы кошмо элдик жыйындын токтомун бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу ЖПБнин төрагасы Б.Абдиловдун жазган арызын канааттандырып, ЖПБнин төрагалык кызматынан өз каалоосу менен бошотулсун.
2. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2017- 10-февраль күнү кошмо элдик жыйында көпчүлүк добушка ээ болгон токтомдун негизинде ЖПБнин төрага кызматына Жукешов Кайрат бекитилсин.
3. ЖПБнин жаңы шайланган мүчөлөрү жана 3 адамдан турган рев. комиссиясы көрсөтүлгөн ЖОБОнун негизинде иш алып барылсын.
4. 2017-жылга ЖПБнин иш планы, сметасы жана чабандар менен түзүлгөн келишимдерди 1-кварталга чейин толук бүткөрүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевге, тариф, смета, иш пландардын түзүлүшүнө жардам берип бүткөрүү жагы ФЭБ башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
6. Мал баккан малчы-чабандар 1 баш малга төмөндөгүдөй баасы чектелсин.
· Ири мүйүздүү мал-уйларга 300 сом
· Кой-30 сом, эчкиге-35 сом
· Тай, торпокторго-300 сом
7. ЖПБнин төрагасы менен мал баккан чабандын ортосунда түзүлгөн келишимде 10-апрелден тартып, ички кыштоолордогу сарайларга, 15-майда толук жайлоого көчүрүлсүн. Ички жайыт-токой үлүш жерлердин тегерегинде, Каналдын үстүндө алып калуу токтотулсун. Эгерде аткарбаса мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышсын.
8. Мал баккан чабандар күздө, оруп-жыйноого карата, 10-октябрга чейин көчүп келип, малдар таратылбасын.
9. Эгерде өзүн-өзү билип малдарды тарата турган болсо, мыйзам чегинде айыл өкмөтүндө жаңы түзүлгөн администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясы, аксакалдар соту менен бирдикте төмөндөгүдөй штраф төлөөрүн эскертүү менен
1 баш бодого-1000 сомдон 3000 сомго чейин
1 баш майда жандыкка-50 сом болуп бекитилсин.
10. Жогорудагы чыккан токтомду малчы-чабандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү ЖПБнин төрага мүчөлөрүнө, айыл башчыларына милдеттендирилсин.
11. Жогорудагы чыккан токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы М.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Өмүров |