Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2017-жылдын 28-марты № 5/6
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдарга таштанды таштоого жер бөлүп берүү жөнүндө
Депутаттардын VI чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн жер, муниципалдык жер боюнча адиси Н.Осмоновдун маалыматын угуп жана талкуулап Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда таштанды таштоого жер участкалар бөлүнүп берилсин.
2. Ак-Жар айылынын кире беришиндеги Күржү-Булуң, Базарбай участкасына 0.50 га берилсин.
3. Кум-Дөбө - Бугучу айылдарынын таштанды таштоочу жер Кара-Дөбө участкасынан 1 га жерин;
4. Шамшы айылына Сай участкасынан таштанды таштоочу жер 1.0 га жер берилсин.
5. Жогорудагы көрсөтүлгөн таштанды участкаларын иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл башчылар М.Дүйшөналиев, Н.Акматов, Н.Көчөровдорго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |