Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2017-жылдын 28-марты № 5/7
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы жаңы конуштардын көчөлөрүнө ат коюу жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновдун айылдардагы жалпы элдик жыйындарда жаңы конуштарга ат коюу боюнча токтомун бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагында айылдарга жаңы конуштарга төмөндөгүдөй көчөлөрүнө ысымдар коюлсун.
Шамшы айылы боюнча:
Жанузаков Акин
Шаршенов Акун
Бектурганов Султангазы
Ак-Жар айылы боюнча:
Жээк
Ак-Жар
Бакыт
Чолпонкул
Тынчтык
Жаштык
Кум-Дөбө айылы боюнча:
Жээк
Буканбаева Гүлбүбү
2. Жогорудагы токтомдун аткарылышы, иш кагаздарын бүтүрүп, Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан, облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айыл башчылар Н.Көчөровго, М.Дүйшөналиевге, К.Турусбеков, Н.Акматовдорго тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |